Депутат Ысык-Көлдө урандын казылышы боюнча: "Бүгүнкү күндө эл ууга, өкмөт чууга каршы болуп жатат"

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеште депутат Рыскелди Момбеков Ысык-Көлдө урандын казылышы тууралуу маселеге токтолду.

"Ата-Журт үчүн урандын казылышы эң актуалдуу маселе. Бул жерде өкмөттүн ишинин уланышы эмес, бир улуттун ууланышы болуп жатат. "Кызыл-Омполдогу" кырдаал эң актуалдуу маселе болууда. Эл үчүн экономика эмес, экология эсеп. Бүгүнкү күндө эл ууга, өкмөт чууга каршы болуп жатат. Сиз буга чейин бул маселе боюнча эки депутаттын суроосуна жооп бердиңиз. Бирок тайсалдап комиссиянын корутундусу чыгат дедиңиз. Мында эксперттердин эмес, элдин пикири керек. Элдин пикири - бул экспертизанын бири. Элге каражат эмес, адам керек. Уранды ачкан өкмөт Куранды ачпайбы? Жантөрө Сатыбалдиев Майлы-Сууга барганда "СССР уранды казып пайдасын көрүп кетти, көйгөйүн бизге калтырып кетти" деп айткан. Усубалиев убагында буга каршы болгон, сиз анын жердеши болосуз. Улуу киши Усубалиев каршы болгонго, сиз макул болуп койсоңуз тарых сизге каршы болуп калат. Ушуну чатак чыгарбай чакыртып алыңызчы", - деп Момбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды.

Абылгазиев 10 жылдан бери лицензияны берип, иштеткен компаниянын тагдыры, алардын Кыргыз мамлекетине коё турган доосу бар экенин айтып, бул маселени комплекстүү чечүү зарылдыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан