Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында газ менен жүрүүчү автобустар көрсөтүлүп, жаңы автобус каттамдарынын картасы түзүлдү

Бүгүн, 24-апрелде Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында газ менен жүрүүчү жаңы автобустар көрсөтүлдү. Кытайдан келген автобустардын жалпы саны 60ты түзөт. “Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасы" муниципалдык мекемесинин директору автобустар 300 миллион сомго сатып алынганын билдирди.

30 орундуу автобуска 80 киши батат, ичине 8 камера орнотулган. Жаңы автобустар 29-апрелде Бишкек шаарынын күнүндө ишке берилип, жүргүнчүлөрдү тесттик режимде ташый баштайт. Ошондой эле автобустар электрондук билет менен жүрөт. 30 автобус мурдагы линияларга кошулса, 30у үчүн жаңы №48 жана №36 линиялары түзүлдү.

№48 маршруттук каттамынын соңку аялдамасы Жибек жолу көчөсүндөгү Батыш автобекетинде жайгашкан. Автобустун каттамы:

Жибек жолу көчөсү менен Курманжан датка көчөсүнө чейин;

Курманжан датка көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейин;

Чүй кең көчөсүнөн Гоголь көчөсүнүн сол тарабына бурулуп, Москва көчөсүнө чейин;

Москва көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;

Ибраимов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;

Бөкөнбаев көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө келип, Тыныстанов көчөсү менен Түгөлбай ата көчөсүнө чейин;

Түгөлбай ата көчөсүнөн Эркиндик бульварына түшүп, бульвардан Токтогул көчөсү менен Фучик көчөсүнө чейин;

Фучик көчөсүнөн Жибек жолу көчөсүнө бурулуп, Батыш автобекетинен токтойт.

№48 маршруттук каттамынын жүрүшү сыя көк түсү менен көрсөтүлгөн

Ал эми №36 маршруттук каттамы Ак-Өргөө жаңы конушунан башталат. Автобустун каттамы:

Ашар көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин;

Гагарин көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин;

Бакаев көчөсүнөн оңго бурулуп Айни көчөсү менен Чыңгыз Айтматов көчөсүнө чейин;

Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин;

Киев көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейин;

Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Жибек жолу көчөсүнө (артка кайтканда Шопоков көчөсү менен) чейин;

Жибек жолу көчөсүнөн Осмонкул көчөсү менен келип, "Шоро" компаниясынын имаратынын жанынан токтойт.

№36 маршруттук каттамынын жүрүшү жашыл түс менен көрсөтүлгөн

Бишкектин көчөлөрүнө жаңы автобустар чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Omush94
2019-04-24 14:54:29
Кытайдын автобусунан көрө Беларусь автобустарын алса болмок чыдамдуу келет
+2
Appasition
2019-04-24 14:57:29
Ошондо арбир автобуз 5 миллион сом экенда э бираз кымбат эмесби
0
Jango
2019-04-24 15:08:46
Газ менен элди ташыган автобус ото кооптуу келет анан дагы беларустан или орустардан алса жакшы болмок тем более кондиционер жок болсо ичинде бул кытайдын автобусунда
+1
Sizge.kat
2019-04-24 15:34:52
кытайдын утилдерин алган экенбиз да даагы тажабай Тулеевдики тугонуп темирге баалап алып койот дагы ушинтип жаныртып биздин кок мээ чондорго кымбат сата берет бул автобузду коросунор 5 жылда тарпы чыгат бириникин бирине жамап журушот анан эптет
0
Aitosh93.kg
2019-04-24 16:15:10
Газ менен журсо коопту экен эми кыргыздар эч жерин карабай айдап журо берип жарылуулар коп болотко кудай сактаса экен
0
elchi84
2019-04-24 18:06:42
Кымбат го ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан