Бишкектин борборунда УКМКнын кызматкерлери жарылуучу зат болушу мүмкүн деп бомба издеп, бирок табышкан жок. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.
Бишкек ШИИББинин маалыматына караганда, бүгүн, 24-апрелде саат 11:05 чамасында чалуу келип, Бишкектин Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде күмөндүү баштык турганын айтышкан. Айтылган аймакты ИИМ кызматкерлери курчоого алып, жарылуучу затты издөө үчүн УКМКнын кызматкерлери келишкен. Аталган комитеттин маалыматына караганда, курчоого алынган даректен жарылуучу зат табылган жок. Күмөн санаткан баштыктын ичинде таштанды болгон.