Кыргыз аскерлери эл аралык машыгууларда алдыңкы үчилтикке илине албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде парламенттин жыйынында Коргоо маселелери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев билдирди.
Анын айтымында, 2018-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында машыгуулар өткөн. "Мындан тышкары биздин аскер кызматкерлери Арменияда, Орусияда өткөн машыгууларда жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Алдыңкы үчилтикке кирген жок, бирок 4-5-орундарды алышууда. Ошондой эле биздин танкисттер жыл сайын танк биатлондоруна катышып, мактоого татыктуу жыйынтыктарды көрсөтүшүүдө. Күйүүчү-майлоочу материалдар жетишсиз берилгендиктен машыгууларыбыз мыкты болбой жатат", - деди Тердикбаев.