Депутат: "Жаңы автобустар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыктуу эмес экен"

Бишкекке жаңы келген автобустар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкталган эмес экен. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде парламентте депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, өкмөт бул маселени чечиш керек. Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова бул маселе боюнча жумушчу топ иш жүргүзүп жатканын айтты.

Бүгүн Бишкекке Кытайдан келген жаңы автобустар көрсөтүлдү. Алар газ менен жүрөт. Автобустардын жалпы саны 60ты түзөт. “Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасы" муниципалдык мекемесинин директору автобустар 300 миллион сомго сатып алынганын билдирди.

30 орундуу автобуска 80 киши батат, ичине 8 камера орнотулган. Жаңы автобустар 29-апрелде Бишкек шаарынын күнүндө ишке берилип, жүргүнчүлөрдү тесттик режимде ташый баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nurbelek.
2019-04-24 17:06:39
60 автобусту 300 млн гомго алса, анда ар бири 5 млн сомдон келиптирда. Вообще кымбатко.
+1
karona12
2019-04-24 17:11:12
Nurbelek.,Эсепти чагат экенсин баракелде.
0
Respect.
2019-04-24 17:28:57
Nurbelek., Ал эч нерсе эмес 2-3 жыл мурун Ошко автобустар ар бири 80 миллион сомдон келди го
0
Erik2018
2019-04-24 17:14:43
Сапаттуу болсо керекда
0
Simels
2019-04-24 17:28:30
Китайский автобус сапаты начар. Тем более Бишкектин жолдорунан тез эле талкаланат. Коросунор
+3
baisogur
2019-04-24 18:32:42
Алматада журот ушул автобустар шаарга Корк берет маршруткага караганда шугур
0
Tolkun555
2019-04-24 22:16:39
Телефондун артында отуруп алып комментарий жазган баатырлар деги силерге эмне жагат.озунор эмне кылып мамлекеттин онугушуно салым коштунар.озунорго бир суроо берип коргулочу.
+1
Chungyz
2019-04-25 06:16:05
Ушул бойдон келеби жокбу Ким билет жакшна пайданалгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан