Кыргыз Республикасында 32 миң бейөкмөт уюм катталган. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде парламент жыйынында Юстиция министрлигинин маалыматына таянып УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов билдирди.
Анын айтымында, бейөкмөт уюмдарга көзөмөл керек. "Көзөмөл керек, бирок УКМКнын атынан эмес. Анткени алардын арасында пайдалуу уюмдар жана пайдасыздар да бар. Ар кандай тармактарда иштешет. Каражаттарын кайда жумшап жатканын көзөмөлдөш керек", - деди Кадыркулов.
Мындан тышкары, ал бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө сала турган мыйзам долбоору 2014-жылы токтотулуп калганын эскертти. "Эл аралык институттар тарабынан кысым болуп, бул долбоор токтотулган", - деп кошумчалады УКМКнын төрагасы.