Бүгүн, 24-апрелде парламент жыйынында өкмөт отчёт берүүдө. Анда транспорт жана жол министринин орун басары Бакыт Бердалиев депутаттардын суроосуна туура эмес жооп берип, аларды адаштырып алды.
Башында депутат Марлен Маматалиев андан Бишкек-Ош жолунан күнүнө канча унаа өтүп жатканын жана жылына бюджетке канча акча түшүп жатканын сурады. Бердалиев "Бишкек-Ош жолунда күнүнө 16-20 миң унаа катталат, жылына 70 миллион сомдон түшөт" деп жооп берди.
Депутаттар бул жоопко таң калышты. Анткени алардын эсеби боюнча, эгер күнүнө 18 миң унаа өтүп, ар бири 45 сомдон төлөсө, жылына 262 миллион сом бюджетке түшүш керек. Ал эми чиновник 70 миллион сом түшөт деди. Демек, 200 миллион сомдой айырма чыгып калды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да бул маселеде күмөнү бар экенин айтты.
Кийин министрдин орун басары Бишкек-Ош жолун Бишкек-Кара-Балта жолу менен адаштырып алганын моюнуна алды. "Бишкек-Ош жолунда күнүнө 4-5 миң унаа катталат", - деди чиновник.
Төрага Дастан Жумабеков министрдин орун басарына кайрылып: "Уктабай отурсаңыз! 200 миллион сомдой айырма чыгып кетти. Эгер азыр тактабасак, коррупция деп кетип калмак. Азыр сизди бүт кыргыз эли угуп жатат", - деп сынга алды.