Кара-Сууда 19 жаштагы кыз жашаган батиринде асынып алды

Ош шаарында 19 жаштагы кыз жашаган батиринде асынып каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон кыз Ош шаарында билим алып, окуудан тышкаркы убактысында шаардагы кафелердин биринде иштеп келген.

"Кыздын аты-жөнү такталып, ал 19 жаштагы Кара-Суу районунун Лаглан айылынын тургуну экендиги белгилүү болду. Анын эмне себептен асынып алганы тууралуу маалыматтар жок. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан