"Бажы кызматы менен Салык кызматы өтө коррупцияланган мекемелердин башында турат" деп кечээ, 24-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.
"Аларда көмүскө схемалардын көп экени Орусияда да айтылууда. Өкмөттө коррупциялашкан мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги каралды беле? Эгерде алардын жоопкерчилиги каралбаса, анда катуу чараларды көрүү керек. Коомчулуктун көзүн бурмалоо үчүн эле 2-3 аткаминерди атап койдуӊар окшойт. Алардын аты-жөнүн так атап, кайсы күнөөсү үчүн кандай жоопкерчиликке тартылганы токтомдо толук камтылууга тийиш. Ансыз декларативдүү түрдө гана кабыл алынган документтердин бири болуп кала берет", - дейт Кенжебек Бокоев.