Депутаттын "мугалимдердин айлыгы 5300-5400 сомду түзсө, бул айлыкка ким иштейт?" деген суроосуна өкмөт башчынын жообу

Бүгүн, 25-апрелде өкмөт Жогорку Кеңеште отчёт берүүнү улантууда. Анын жүрүшүндө депутат Иса Өмүркулов мугалимдердин айлыгы боюнча өкмөткө суроо узатты.

"Жаңы келген мугалимдердин айлыгы 5300-5400 сомду түзсө, бул айлыкка ким иштейт? Мугалим жана дарыгерлердин айлык акылары өтө эле аз. Республика боюнча дарыгерлер жетишпейт, ал эле эмес Бишкек шаарында да жетишпейт. Мугалимдердин айлыгы акыркы жолу 2011-жылы көтөрүлгөн, андан бери көтөрүлө элек", - деди депутат.

Буга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 1-сентябрдан тартып мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселеси каралууда деген жооп узатты.

"Биз азыр иштеп жатабыз, акча каражаттарын санап чыгабыз. Канча пайызга көтөрүлөт, максималдуу түрдө көтөрүш керек деп жатабыз. 1990-жылдан, Советтер Союзу ыдырагандан кийин дарыгерлер менен мугалимдердин айлыгы өтө аз болуп калган. Бул маселени мен жакшы билем", - деди премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
love_you
2019-04-25 11:20:00
Кайдан журуп 5300,5400. Мен 3500 алчумун еще класс жетекчилигим дагы бар болчу. Максималдуу которобуз дейт, 400-500 сом кошушат, зато башка жагынан кыскартышат. Эсептеп-чоттогондору ошол да
+4
JaneEr
2019-04-25 11:48:29
Депутаттар азыраак жегиле ошондо норм болот.Силер суу ичсенер мугалимдерге тамчысы зорго тамат.
+7
aliya-leyla
2019-04-25 12:06:07
Депутаттардыкын азайтып мугалимдерге болуп бергиле
+6
Jango
2019-04-25 12:14:58
Ушул иса суйлобой эле койсо болгудай силер кыскаргылачы хотя бы 60депутатка кичинекей мамлекетке 120 ещё жардамчысы катчысы айдоочусу ойлосон нерв которулуп кетет дуйнодо эн чон мамлекет катары Россия да 450 депутат калкы155миллион
+8
-FREEDOM-
2019-04-25 12:47:20
Депутаттар тойбой атса бизге каяка көтөрөт. 5миң деп лапты илет азырда 3жарым алгандар бар.
+3
Maksattarga-karai
2019-04-25 13:01:53
Ошол 5 минди карматып,устуно окулбаган гезитти колуна карматып айлыкты дагы кыскарткандар канынды кайнатат.Депутаттар силердин бир кундо обедке иштетчу акчанарды мугалимдер айлап кутушот.Уят деген нерсе аз болсо да болгондо эчак чара кормоксунор
+4
Avrora2017
2019-04-25 14:51:05
Карап атабыз , иштеп атабыз вот вам ответ )))) 1990 жылдан бериби? Эми дагы 20 жыл карап санап чыккыла которсок которбосок деп, ХХХХХ
+1
PROS
2019-04-25 15:39:33
Как раз 2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин тиги ашанын жанынан чыкпай балыктай болуп унчукпаган эки жүздүү депутаттар эми түшүнөн чочуган адамдай болуп эл үчүн күйгөн киши болуп көрүнбөй эле койгулачы!!! Биз өнүгүш үчүн силердей мите курттарды түп тамыры менен алмаштырыш керек!!!
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-04-25 17:10:25
Калп, менин айлыгым 3500.Зарыгып күтөм го чиркин.
+1
-Sumitra-
2019-04-25 20:05:44
Мугалимдердикин,анан да мед айымдардын айлыгын да которгуло!Байкуштар ишти кылган да ошолор,уруш уккан да ошолор.Алган айлыгы 10жыл опыты болсо,5000 жаны киргендердин айлыгы 2300алат эле синдим.Ошентип иштебей койду.
+1
rafo80
2019-04-26 00:49:05
2011-жылы мугалимдердин, медиктердин, милициянын айлыктарын Бакиев көтөргөн боюнча эч ким эстеген да жок, ошол киши болгондо эмдигиче дагы көтөрүп коет беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан