Вице-премьер: "Бишкекке дагы 100 бала бакча керек"

"Борбор калаага дагы 100 бала бакча керек" деп бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында вице-премьер Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Депутат Улукбек Ормонов борбор калаада дагы канча мектеп жана бала бакча керек деген суроо узатты.

Буга вице-премьер: "Бишкекте 97 мектеп жана 193 бала бакча иш алып барат, бирок бул жетишсиз. Биздин эсебибиз боюнча, дагы 100дөй бала бакча керек. Мамлекеттик социалдык буюртманын негизинде ушул жыл ичинде 1000ге жакын баланы бала бакчага киргизүү пландалган", - деп жооп берди.

Депутат суроосун улантты. "Бир айдан бери бир инвестор акчасын көтөрүп алып, социалдык бала бакчаларды салып берейин деп жүрөт. Акчасын көтөрүп алып жүргөн кишини эч ким кабыл албай, сүйлөшпөй жатат. Анан кантип инвесторлорду тартабыз?" - деди депутат.

Өкмөт башчы буга инвестор кабыл алынып тиешелүү сүйлөшүүлөр боло турганын убадалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан