Медиа-порталдын "ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө "Баарынан мыкты" балдар долбооруна катышкан Кыргыз баланын видеосу жүктөлдү. Анда Мухаммад Али Хасанахунов америкалык актёр, режиссёр, каскадёр Жан-Клод Ван Даммды туураган. Видеону Орусиянын "Биринчи каналы" 21-апрелде эфирге чыгарды.
Элдин алдына чыккан Мухаммад Али турникке тартынып, бир нече трюктарды көрсөтүп, турникте тартынып турганда моюнуна 32 килограммдык гиряны дагы көтөрдү. Ошондой эле ал Жан-Клод Ван Даммдын жүк ташыган унаанын күзгүсүнө туруп шпагат жасаган трюгун дагы кайталап, көрүүчүлөрдү таң калтырды.
Мухаммад Али Хасанахунов долбоордун алып баруучусу Максим Галкин менен болгон маегинде айылда аны Али Ван Дамм деп аташарын, бул долбоорго катышуу үчүн атайын орус тилин үйрөнгөнүн айтты. Мындан тышкары ал кызыгуулары, келечек пландары тууралуу айтып, чоңойгондо таэквондо боюнча Олимпиада чемпиону болгусу келерин билдирди. Мухаммад Али 5 жашынан тарта таэквондого кызыгып, машыга баштаган. Учурда анын машыктыруучусу - атасы. Мухаммад Алинин атасы штангист болгону менен таэквондодогу эрежелерди интернеттен көрүп, уулуна үйрөтүп келет.
Кичинекей жылдызга айланган Мухаммад Али Хасанахунов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Таширов айылынан болот. Ал 10 жашта.
Буга чейин "Баарынан мыкты" долбооруна Жалал-Абад шаарынан барган Нурмухамед Ташмаматов катышкан. Ал нунчак менен кол ойнотуп, Брюс Лини жазбай туураган.