"Уят иш болду, президент сүйлөп жатканда уктагандарга катуу чара көрүлөт" деп бүгүн, 25-апрелде өкмөттүн Жогорку Кеңештеги отчётунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев суроолорго жооп берип жатып айтты.
Депутат Тынчтык Шайназаров президент сүйлөп жатканда уктаган чиновниктерди жумуштан кетирүү керек деген сунушун айткан эле.
"Уят иш болду, видеону көрүп чыгып, уктаган чиновниктерге катуу чара көрүлөт" деди Абылгазиев.
"Президент менен жолугушкандар аны менен жолугуштум деп сүйүнүп жүрүшөт. Ал эми ал сүйлөп жатканда уктагандарга карата катуу чара көрүлүүгө тийиш", - деп кошумчалады депутат.
Буга чейин социалдык түйүндөрдө мамлекет башчы сөз сүйлөп жаткан учурда аткаминерлердин уйкусурап отурган сүрөттөрү жарыяланган болчу.