Соттук системдин ишмердүүлүгү боюнча жылдык маалыматты угуу Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирбейт. Мындай чечимди Конституциялык палата чыгарганын бул мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 24-апрелде Конституциялык палата "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамдагы "Сот тутумунун иши жөнүндө Жогорку Соттун төрагасынын ар жылдык маалыматын угуу - парламенттин ыйгарым укугу" деген жерин Конституцияга каршы келет деп тапты.
"Жогорку Кеңеш парламенттик көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырып жатып, бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту бузбоосу керек жана өзүн башкалардан бийик коюп, башка бутактардын ишине аралашпоосу зарыл. Ошондуктан парламент башка бийлик бутактарына карата Баш мыйзамда белгиленген башкаруу ыйгарым укуктарынан ашыкча ээ боло албайт.
Сот бийлиги мамлекеттик бийликтин көз карандысыз бутагы жана эки негизги функцияны аткарат. Алар: адилеттүүлүк жана соттук көзөмөлдөө. Сот бийлиги өзүнүн милдеттерин так аткарышы үчүн көз карандысыз болуш керек. Анын социалдык жана укуктук табиятын эске алганда, сот бийлигинин көз карандысыздыгынын деңгээли мамлекеттик бийликтин башка бутактарыныкына караганда көбүрөөк болушу зарыл. Анткени демократиялык укуктук мамлекетте мыйзамдын бийлиги эң жогору турат.
Ошондуктан соттук системдин ишмердүүлүгү боюнча жылдык маалыматты угуу Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирбейт. Ошол эле учурда соттук систем жабык болбош керек, анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат коом жана Жогорку Кеңеш үчүн ачык көрсөтүлүшү керек", - деп айтылат Конституциялык палатанын чечиминде.