26-апрелден 28-апрелге чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы, Көчкүлү-Булак тилкеси) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 75-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин эскертет.