“Мен Сокенин адамымын, мени Соке жөнөткөн”. Оштогу аэропорттун кызматкерлери бөлүм жетекчисине каршы чыгышты

"Манас" эл аралык аэропортунун Оштогу филиалынын Коопсуздукту текшерүү бөлүм жетекчиси Абдыбаит Матиевге каршы митинг өттү. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 25-апрелде SUPER.KG порталына аэропорттун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалым болгондой, бул митинг 3 күн мурун болгон. "Матиев сыноо мөөнөтүн өтүп жаткан. Аны иштен алуу боюнча расмий буйрук чыга элек", - дешти мекемеден.

Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, аталган митингде кызматкерлер бөлүм башчыны иштен кетирүүнү талап кылышкан. "Ал 15-апрелден баштап Коопсуздукту текшерүү кызматына жетекчи болуп келди. “Мен Сокенин адамымын, мени Соке жөнөткөн, өзүм билгенимди кылам" деп коркутуп, бизди уруу-урууга бөлүп, сөгүп, уят нерселерди айтты. Биз аны менен иштеше албайбыз. Бир киши келип баарыбызды иштен ала албайт. Керек болсо өзүбүз аны иштен алып коёбуз. Анын ордуна кызматты түшүнө турган, маданияттуу сүйлөгөн адамды коюп берүүнү суранабыз. Кээ бир балдарды "кара тизмеге" коюп, аларды иштен кетирет экен. Мындан кийин аны менен иштешиш керек эмес деп чечтик", - дешкен кызматкерлер.

Ош аэропортунун жетекчиси Талант Исаков бул маселени чечүүнү аракет кыларын убадалаган.

Коопсуздукту камсыздоо боюнча бөлүм башчы Абдыбаит Матиев кызматкерлердин ишине нааразы экенин айткан. "Менин милдеттеримдин бири - тартипти кароо. Кызматкерлердин формасы талапка дал келбейт экен. Алар мага "каалагандай иштей бериңиз, бул жакта өзгөртүү киргизе албайсыз" деп шарт коюшту. "Келип унчукпай кете бер" деп жатышат. Иш жасашпайт. Жумуш бүткөндө 10 мүнөт анализ болуш керек. Ошону да кылбайбыз дейт. Диван, креслолорду коюп коюшуптур. Алар ишке иштегени келишеби же уктаганыбы? Кызматка келгениме болгону бир жума болду, уруу-урууга бөлгөн жокмун, "кара тизмени" да түзгөн жокмун. Бул маселе боюнча мыйзам чегинде териштирүүлөр болсун деп суранам", - деп айтып берген журналисттерге Матиев.

Оштогу жетекчи "Сокенин адамымын, билгенимди кылам" дедиби?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Mirlan27011987
2019-04-25 15:41:16
Сокенин кишилери оз уйунорго барып ажыдаар болгула. Элди Соке менен анын кишилери тууп алган жоксунар. Сокенер КТРКдан калпты суйлоп отурат. Иш жузундо такыр башка.
+2
kamchatka
2019-04-25 16:04:17
Парсьездиктерди айдаш керек жумуштан!
+3
monok2001
2019-04-25 19:40:37
kamchatka,сенин ишин канча
-4
Mamiev
2019-04-25 16:10:32
Кимдин адамы билбейм бирок кызматкерлер болбогон нерсени айтып жатышат. Мисалга:сакалыны алып кел бүт кийимди өзүңдү таза алып жүр деп урушуп жатат дейт. Туура кылат эшек жайлоого конгонсунор да. Жумушка так жана жоопкерчиликтүү болуш керек. Же эмне халтура кыла албай калдынарбы. Негизи ушундай жетекчилер керек. А бул жерде комментарий жазгандар толук маалымат алып анан жазсанар ойго келгенди жаза бербей
+17
Suzak12
2019-04-25 22:23:34
Mamiev,Эн туура айтын
+2
Skarlett-Skarlett
2019-04-25 16:34:34
Ото туура айткан,Оштун аэропортундагы ажыдаар кызматкерлер эсен эле болгула да.Сакалды алгыла
+8
Beka1986
2019-04-25 16:47:16
Туура кылат,тазараак журбойсунорбу анан форманарды жууп,сакалды алып.
+8
Nur777
2019-04-25 16:59:02
Эгер жаны жетекчинин айткандары туура болсо мен ага кошулам,тартип жана тазалык баардык жерде керек,таза тыкан сакалынарлы алып,бир форма кийгиле,сменди тапшыргандан кийин отчёт бергиле,уктаганы келген жоксунар деп туура эле нерселерли айтыптыр го...негизи кыкендерге талап койгон адамдар жакпайт да)
+12
Kuban1990
2019-04-25 17:01:20
Ошол начальник эң туура кылат, катуу кармаш керек, ХХХХ семиришкен охрананын томожныйдын баары, Москвадан барсан ким акча берсе кезексиз алып отушот, акча бербегенди адам катары корбойт!!! Ошол начальниктин айлыгын көбөйтүп бериш керек чынында рахмат айтып!!!
+10
Alixan-Nookat.2015
2019-04-25 17:21:45
Начальник туура эле талаптарды коюп жатат. Аэропорттун кызматкерлери карды челектей эмес спортивный болуш керек таза, тыкан, формасы өзүнө жарашкан, сакал мурут алынган маданияттуу болуу керек.Жаны начальниги катуу талаптарды койсо чыдабай жататда, буга чейин эшек жайлоо болуп жүргөнда каалаганын кылып.
+6
elchi84
2019-04-25 18:56:42
Сокени жамандаса жанылык сразы чыгат экен жана талкуусу менен бирок АША жонундо жанылык чыкса талкуу жабык деп чыгат кандай тушунсо болот.Мен экоонун тен тарабын талашпайм,ортодо эркин талкуу болуш керек.
+8
Azat.97
2019-04-25 20:07:40
Соке ХХХХ уже.Иштебесен кетчи.
-3
Chungyz
2019-04-25 20:51:45
Арызданбай кызматынарды так аткаргыла эч ким тоскоол кылбайт
+4
Snejana
2019-04-25 22:16:39
Жумушунду так аткар, эч ким эч нерсе дей албайт. Булар мурунку конуп калган режимден чыккылары келбей жатса керек. Эптеп жумушка келет, кун отсо болду. Ушуга окшош бир мисал: электриктер эрте менен жумушка келишет. Андан кийин оздоруно караштуу айылдарга болунот экен. Жумушу бутсо деле, ошол жерден кетпей, жумуш убактысы бутконго чейин, ары-бери басып журо беришет. Эмнеге...? Себеби, конторго барса, кайра башка жака жумшап коёт, андан коро бул жакта иштеп жатабыз деп журо берген жакшы дейт.
+4
Snejana
2019-04-25 22:17:19
Мына сага жумуш. Тартип болбосо, эч ким эч качан онукпойт.
+2
tilek121277
2019-04-25 23:09:24
аэропорттун бардагын тазалаганга жол бербей жатыптыр да эски карышкырлар ар нерсени суйлоп
+4
Aslan17
2019-04-26 13:48:18
Матиев менин командирим болгон армияда.Аэроропорттогу ишчилер эшек жайлоого конушконда.Курсактарын кара.Туура эле кылат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан