Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп тапты

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп тапты. Жалпы 114 депутат каттоодон өтүп, 103 депутат "макул" деп, 1 эл өкүлү "каршы" деп добуш берди.

"Каршы" деп добушту депутат Исхак Масалиев берген. Ал өкмөттүн отчётуна "канааттандырарлык эмес" деп баа берүү керектигин айтты. Бирок анын сунушу четке кагылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн отчётун колдоп берген үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди. "Сын-пикирлерди, айтылган ойлорду туура кабыл алабыз. Чогуу иштешкенге, реформа жасоого чоң кадамдарды жасайбыз", - дейт Абылгазиев.

Депутат: “Өкмөттүн отчётуна ”канааттандырарлык эмес” деген баа беришибиз керек”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан