Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына 29 жаштагы кыз агып кетип каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, кыз 22-апрель күнү саат 18:30 чамасында дарыяга аккан.
Кеңеш айыл аймагында дарыяда балык уулап жаткан адам сууда аял кишинин жансыз денеси агып бара жатканын көрүп, 102 кызматына кабар берген. Ал адам ошол замат айылдын тургундарын чакырып, жансыз денени суудан алып чыгышкан.
"Окуя болгон жерге Кара-Кулжа РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, каза болгон кыз Кеңеш айылынын 29 жаштагы тургуну экенин аныкташкан. Ошондой эле маркум көптөн бери психикалык жактан жабыркап каттоодо турган. Окуя болгон күнү ата-энеси кызын издеп таппай калышканын айтып, ага соттук-медициналык экспертиза жасатууну каалаган эмес. Маркум ата-энеси менен жашап келген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - деп билдирет басма сөз кызматкери.