Баласынан кордук көргөн 80 жашка таяп калган энени Ошто бир үй-бүлө камкордукка алып, багып алышты

Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборунда 80 жашка таяп калган эне баш калкалап жатканы маалымдалган. Борбордун директору Дарика Асилбекова энени бир үй-бүлө камкордукка алганын билдирди.

"Кара-Суу районунун Жоош айылынан бир үй-бүлө апаны камкордукка алып, багып алышты. Алар энени карап, тамагын берип, өз бүлөлөрүнө кошуп алуу ниетин айтып кайрылышкан. Атайын кызматкерлер алардын жашоо шартын карап көрүп, макул болду. Апанын учурдагы абалы жакшы. Маанайы көтөрүлүп, жакшы жашап жатат. Апа үйүндөгүдөй жүргүсү келгендигин айтып, карылар үйүн эмес, бул үй-бүлөнү тандаган", - деди Асилбекова.

18-мартта Кара-Суу районундагы айылдардын биринде 48 жаштагы тургун 78 жаштагы апасын урганы белгилүү болуп, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренесинин негизинде (үй-бүлөдөгү зомбулук) кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө баласы мас болгонун, өзүнүн эмне иш кылып жатканын билбей калганын айткан. Ошол күнү эне үйүнөн чыгып кетип, көчөдө ыйлап жүргөн жеринен милиция кызматкерлери көрүп, "Ак жүрөк" кризистик борборуна өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kaary
2019-04-25 19:24:43
Баракелде! Кудайым эки дүйнө кор кылбасын ушул үй.бүлөөнү! Энеге бекем ден.соолук, күч кубат,тилейм! Мына чыныгы эркектик, азамат!
+13
bond02
2019-04-25 19:56:01
Жашында бополоп багып карыганда ошол баласынан кордук коруп, кандай гана окунучтуу.
+6
ninja82
2019-04-25 23:08:47
Алла ыраазы болсун бул уй булоодон!
+3
babi92
2019-04-26 01:25:07
Аллахтын мээрими жаасын.Ушундай жакшы адамдар бар учун жер оз огунда айланып жатса керек.
+3
Fedorov
2019-04-26 11:18:32
Карабай таштап, ушул деңгээлге жеткирип, көз жашын агызган баласына НААЛАТ.
+1
i1urp
2019-04-26 11:49:00
Жараткан Тенирим элибизге жакшылыкты гана берсин. Элибизде жакшылык гана болуп турсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан