Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы дарыянын жээгинен 58 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-апрель күнү Кызыл-Үңкүр айылынын 58 жаштагы тургуну Ш.Б. аттуу аял дайынсыз жоголгон.
"Бүгүн, 25-апрелде издөө иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 31 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 33 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында саат 15:00дө Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинен маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүп берилди", - деп жазылат маалыматта.