Ошто стадиондогу жерге жакын жайгашкан отургучтардын бир бөлүгү алынды

Ошто стадиондогу жерге жакын жайгашкан отургучтардын бир бөлүгү алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардагы борбордук Сүйүмбаев стадионунда оңдоо иштери бүткөндөн кийин отургучтардын бир бөлүгү дээрлик жерге жайгашып калганы талкууга алынган эле. Ош шаардык мэриясы стадиондогу тротуарды тегиздөөдөн улам ушундай абал жаралганын айткан. Ошондой эле отургучтарды башка жакка жылдыруу боюнча тапшырма берилгенин кабарлаган.

Бүгүн отургучтардын бир бөлүгү башка жакка жылдырылганы белгилүү болду. Бирок ыңгайсыз абалда жайгашкан отургучтар дале бар экенин көрүүгө болот. "Курулушчулар карашы керек эле. Аларга чара көрүлсө керек. Негизи олуттуу деле иш эмес. Буюрса кайра оңдолот", - деп билдиришти мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
taalay25
2019-04-25 21:05:44
Чертёж, раскладка болушу керек да. Уйуно мал сарай салып аткан жок го
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан