Ысык-Көлдөгү "Кызыл-Омпол" уран кенинин айланасында болуп жаткан талкуу кызуу уланууда. Уран кени казылат деген маалымат тарагандан бери коомчулук анын зыяндуу экенин айтуу менен каршылыгын билдирип жатат.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматов уран кенин казууга 50 жылдык мораторий киргизүүнү сунуш кылышты. Эл өкүлү Дастан Бекешев жогорудагы мыйзам долбоорго өз демилгеси бириктирилерин жарыялады.
22-апрелде Боом капчыгайында урандын казылуусуна каршы митингге 300дөй адам катышкан. Кийин өкмөт кен казуу убактылуу токтотулганын, бүгүн ал жерден техникалар чыгарылганын маалымдады.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Депутаттар уран казууга 50 жылдык мораторий киргизүүнү сунуш кылышты. Уран казууга жылдап тыюу салуу керекпи же биротоло токтотуу зарылбы?" деген собол салды.
Суроого эколог Эмил Шүкүров жооп берип, Ысык-Көлдүн аймагында жаңы кендерди казууга болбой тургандыгына токтолду.
"Ысык-Көл облусунун аймагында геологиялык чалгындоого жана жаңы кендерди ачууга таптакыр тыюу салган аз дегенде 2 мыйзам бар. Бул мыйзам, ал аткарылышы керек. Ал эми 50 жылга мораторий жарыялап, 50 жылдан кийин казуу деле ошол мыйзамды сактабагандык болуп саналат. Бул сунуш коомчулукту тынчтандыруу үчүн гана жасалган аракет болуп калышы мүмкүн, бирок ал аймакта радиоактивдүү кенди эмес, башка жаңы кенди да казууга такыр мүмкүн эмес. Жогоруда мен айткандай, геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө да тыюу салынган. Ысык-Көл - бул биосфералык аймак, ошондуктан бул жерде кошумча тоо-кен иштерине тыюу салынган. Буга чейин казылган кендерде иштерди уланта берсе болот, ал эми жаңыларды иштетсе болбойт. Анткени эгер жаңы кен казыла баштаса, "биосфералык аймак" статусун бузуу болуп саналат. Бул түздөн-түз мыйзам бузуу", - деди Шүкүров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Дастан Бекешев, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, активист Аманбол Бабакулов, Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеевдин пикирлерин бул шилтеме менен кирип окуңуз.