"Уран кенин казууга 50 жыл ичинде жаңы технологиялар чыгат болуш керек" дейт коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев

Ысык-Көлдөгү "Кызыл-Омпол" уран кенинин айланасында болуп жаткан талкуу кызуу уланууда. Уран кени казылат деген маалымат тарагандан бери коомчулук анын зыяндуу экенин айтуу менен каршылыгын билдирип жатат.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматов уран кенин казууга 50 жылдык мораторий киргизүүнү сунуш кылышты. Эл өкүлү Дастан Бекешев жогорудагы мыйзам долбоорго өз демилгеси бириктирилерин жарыялады.

22-апрелде Боом капчыгайында урандын казылуусуна каршы митингге 300дөй адам катышкан. Кийин өкмөт кен казуу убактылуу токтотулганын, бүгүн ал жерден техникалар чыгарылганын маалымдады.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Депутаттар уран казууга 50 жылдык мораторий киргизүүнү сунуш кылышты. Уран казууга жылдап тыюу салуу керекпи же биротоло токтотуу зарылбы?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев депутаттардын бул сунушун туура көрө тургандыгын айтат.

"Уран кенин казууну биротоло токтотуп койгон деле туура эмес болуп калат. 50 жылга мораторий киргизүү сунушун туура эле көрүп жатам. Бул жылдар ичинде жаңы технологиялар чыгат го деген ой бар. Андыктан сунуш туура деп ишенем", - деди Чолпонбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Дастан Бекешев, эколог Эмил Шүкүров, активист Аманбол Бабакулов, Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеевдин пикирлерин бул шилтеме менен кирип окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан