Ысык-Көлдөгү "Кызыл-Омпол" уран кенинин айланасында болуп жаткан талкуу кызуу уланууда. Уран кени казылат деген маалымат тарагандан бери коомчулук анын зыяндуу экенин айтуу менен каршылыгын билдирип жатат.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматов уран кенин казууга 50 жылдык мораторий киргизүүнү сунуш кылышты. Эл өкүлү Дастан Бекешев жогорудагы мыйзам долбоорго өз демилгеси бириктирилерин жарыялады.
22-апрелде Боом капчыгайында урандын казылуусуна каршы митингге 300дөй адам катышкан. Кийин өкмөт кен казуу убактылуу токтотулганын, бүгүн ал жерден техникалар чыгарылганын маалымдады.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Депутаттар уран казууга 50 жылдык мораторий киргизүүнү сунуш кылышты. Уран казууга жылдап тыюу салуу керекпи же биротоло токтотуу зарылбы?" деген собол салды.
Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеевдин айтымында, уран казуудан пайдасынан зыяны көп.
“Уран кенин иштетем деген компания жаңы технологияны колдонобуз деп жатат, бирок дүйнөдө андай жок. Уран кенинде иштеп жаткан адамдардын саламаттыгына сөзсүз зыяны тиет. Ошон үчүн уран иштетүүнү “зыян өндүрүш” деп коюшат. Ага атайын көңүл бурулат. Иштегендердин тамак-ашынан баштап жатаканасына чейин көңүл бурулат. Кенди казам деген компания ал менчик ишкана. Ошондуктан алар анча деле карабайт. Эгер мамлекеттики болсо, анда ойлонуп көрсө болот эле. Уран өндүрүүдөн эч кандай пайда жок. Экономикага пайдасы тиерине көзүм жетпейт”, - деди Дүйшеев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Дастан Бекешев, эколог Эмил Шүкүров, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, активист Аманбол Бабакулов, Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеевдин пикирлерин бул шилтеме менен кирип окуңуз.