Бүгүн, 25-апрелде өлкөнүн биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда уран кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүп, "Юр Азия Кыргызстан" компаниясынын лицензиясы кайтарып алынганын билдирди.
Аталган маалымат боюнча "Юр Азия Кыргызстан" компаниясынын жетекчиси Светлана Менгге байланышканыбызда ал SUPER.KG`ге төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Биз вице-премьердин билдирүүсүн көпчүлүк сыяктуу эле маалымат каражаттарынан окудук. Бизге бул тууралуу расмий билдирүү келген жок. Ошондуктан азырынча бир нерсе деп айта албайм.
Айрым басылмалар "лицензия кайтарылып алынган жок, болгону убактылуу токтотулду" деген өңүттө менин атымдан жалган маалыматтарды таратып жатышат. Мунун баары калп", - деди Менг.