Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Азия чемпиондугунун коло медалын тагынды

Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова Кытайда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда 68 килограммга чейинки салмакта коло байгени жеңип алды.

Алгачкы беттеште өзбекстандык Бактыгуль Балтаниязованы 8:2 эсебинде жеңип алган Жуманазарова жарым финалда япониялык Сара Дошого 3:0 эсеби менен жеңилүү ызасын тартып калды. Ал эми коло медаль үчүн беттеште казакстандык Ирина Казюлинаны 10:0 эсебинде жеңип алды.

Жыйынтыгында Мээрим Жуманазарова өлкө капчыгына 3-медалды алып келди. Буга чейин 86 килограммга чейинки салмакта Алигажи Гамидгажиев күмүш медаль жеңип алса, 79 килограммга чейинки салмакта Ойбек Насиров коло медаль тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан