"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Унаасын арчаны тебелетип токтоткон айдоочуга чара көрүлөт"

"Ош шаарында унаасын жол боюнда отургузулган арчаны тебелетип токтотуп коюптур" деген окурман SUPER.KG порталына кайрылган.

Бул окуяга Ош шаарында "Зайнабетдинов" базарынын жанынан күбө болгонун айткан окурман жаш арчаны тебелеп, токтоп турган унаанын сүрөтүн жиберип, "Мындай айдоочуларга ким чара көрөт? Шаарга өзүбүз кам көрбөсөк, ким кам көрөт?" - деген суроо салган.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсатаровго кайрылганыбызда, ал төмөндөгүдөй жооп узатты.

"Окурман жиберген сүрөттө унаанын номери түшүп калыптыр. Биз аны жазып алып, тиешелүү кызматкерлерге жибердик. Шаарыбызга кам көрүп, ушул сыяктуу терс көрүнүштөргө кайдыгер карабаган тургундарыбызга ыраазычылык билдиребиз. Унаанын ээси табылып, сөзсүз түрдө мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деди басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bond02
2019-04-27 00:14:18
Кандай чара? Качан? Айдоочуну аныктадынарбы биринчи.
+2
Kuba-savai87
2019-04-27 07:46:01
bond02,сабыр кыл тууган кече болду го тактап айтат да
+1
Nurbelek.
2019-04-27 00:37:35
Нак ахмак айдоочу экен.
+4
Mamiev
2019-04-27 00:46:43
Силер дагы бийликтегилерге окшоп согуш берип койгула да. Азыр согуш менен иш бүтүп калды го
+4
Kuba-savai87
2019-04-27 07:46:15
Mamiev,дагы
+1
Kaary
2019-04-27 11:33:24
Москвада 30 000р штраф ушундай айдоочуларга, эгер юр.лицо болсо 300 000 р штраф, салынат. А бизде канча экен?
+1
Rifle_I
2019-04-27 13:07:31
Ушул кантип болсун ?? Мал дагы арчаны тебелеп өтөпөсө керек . Акылы өсүп , көз карашы өөрчүсүн ацдоочунун .
+1
Gulnyr19
2019-04-27 16:19:35
Бир көпкөн байдырда жөнөкөй карапайым адам мындай кылбайт
+2
rafo80
2019-04-27 21:51:53
Gulnyr19,карапайым эле stream айдаган таксист го. Кенебестик жана өзүн сыйлабастык деп эсептейм мен. Кармап чара көрүш керек, кийинкиде көзүн чонураак ачып жүрө турган кылып
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан