Шашылыш билдирүү! Үшүк жүрүшү күтүлүүдө

Шашылыш билдирүү! Тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы таратты.

Маалым болгондой, 27-28-апрель күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде күн -1 градустан -3 градуска чейин төмөндөп үшүк жүрүшү күтүлөт.

Бул күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүп, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле, Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында, Көчкүлү-Булак кар көчкү тилкесинде жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар күрткү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы кыймылдын чектелиши 500 метр аралыкты камтышы зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Farra16gsin
2019-04-27 00:06:12
Кудай сактасын алма өрүк жебей калабызго анда үшүбөй койсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан