17-апрелде үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз деп изделип жаткан Талас шаарынын 14 жаштагы тургуну Гаухар Абасбекова табылды. Муну Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, ал 26-апрелде Ош шаарынан табылган. Белгилүү болгондой Гаухар Абасбекова телефон сатып алып, андан кийин Бишкекке барган. Шаарда бир күн тургандан кийин Ош шаарына кеткен. Ал Ошту көрүүгө кызыгып барганын айткан. Кыз ата-энесине берилди.