Орусиялык ырчы МакSим жол кырсыгына кабылып, эс-учун жоготкон. Учурда ал эсине келе электигин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, мындан эки апта мурда МакSим аэропортко бара жатып жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен ырчы алдыда өтө турган концерттик иш-чараларын токтоткон. Бирок анын абалы тууралуу маалыматтар айтылган эмес. МакSимдин менеджери Маргарита Соколова ырчы жол кырсыгында эс-учун жоготконун айтып чыкты.
"Жол кырсыгы башка мамлекетте болгон. МакSим Москвага келүү үчүн аэропортко бара жатканда айдоочу ылдамдыкты жогорулатып, натыйжада жол кырсыгына кабылган. Унаа бир нече ирет оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен МакSимдин баш мээси чайкалып, нес абалында сүйлөй албай калгандыктан башкалар менен сүйлөшүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Учурда МакSим эмне болгонун билбейт", - деген ал.
МакSимдин менеджери жол кырсыгы кайсы өлкөдө болгонун ачыктай элек.