Кыргыз Эл артисти, театр жана кино актёру Сатыбалды Далбаев 85 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын адабият бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Рыскул кызы билдирди.
"Сатыбалды Далбаев 29-апрелге караган түнү үйүнөн каза болду. Ал акыркы күндөрү сыркоолоп жүргөн экен. Бирок төшөктө жатып калган эмес. Мындан бир апта мурда Даркүл Күйүкова атындагы 11-республикалык фестивалга келерин айткан", - дейт ал.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 30-апрелде саат 9:00дө Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот.
Сатыбалды Далбаев 1934-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа кыштагында төрөлгөн. Ал 1957-жылдан баштап Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеп, "Каныбек", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", “Бечера энемдин ак чачы”, “Ата сөзү – ар-намыс”, “Саманчынын жолу”, “Жамийла” жана башка бир нече спектаклдерде ойногон. Мындан тышкары "Алыскы тоолордо" тасмасында роль жараткан.