Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт

30-апрелде жана 2-3-май күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, абанын температурасы төмөндөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, республиканын аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан