Балыкчыдан Бишкекти көздөй келе жаткан уранга каршы жөө жүрүшкө чыккандар унаа жүрүүчү жолго чыгып кетпесин деп милиция кызматкерлери жолду тосушкан. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG'ге облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Жөө жүрүштүн катышуучуларына кызматкерлер тоскоолдук кылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Адам көп болгондуктан алар унаалар жүргөн жолго чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү болгон, мындан улам алардын коопсуздугу үчүн жолдун боюн кызматкерлер тосушкан", - дешти милициядан.
Буга чейин митингдин уюштуруучуларынын бири жөө жүрүштү милиция кызматкерлери күч менен токтотту деп билдирген. Уран кенинин иштешине каршы митингдин катышуучулары бүгүн Балыкчыдан Бишкекти көздөй жөө жүрүш менен келе жаткан.