Бир апта мурун эл аралык “Чек арасыз репортёрлор” укук коргоочу уюму Сөз эркиндигинин индексин (2019 World Press Freedom Index) жарыялады. Аталган уюм бул көрсөткүчтү 2002-жылдан бери жыл сайын түзүп келет. Соңку рейтингде Кыргыз өлкөсүнүн Сөз эркиндигинин абалы 15 позицияга жакшырган. Тагыраагы 180 мамлекет бар тизмеден 83-катарды ээлеген. Ага чейин 98-орунда болчу. Отчётту түзгөндөрдүн айтымында, Кыргыз өлкөсүндө абал жакшырууда, бирок мындан да жакшыртса болот.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсү Сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча 15 тепкичке алдыга жылганын кандай баалайсыз?" деген собол салды. Суроого медиа эксперт Марс Тулегенов жооп берип, башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргыз өлкөсүндө сөз эркиндиги жакшы деген пикирин айтты.
“Орто Азия өлкөлөрүнүн арасынан биздин өлкөдө сөз эркиндиги жакшы. Ал мамлекеттерге салыштырмалуу бизде бардыгы ачык-айкын, ээн-эркин айтылат жана жазылат. Саясий чөйрөдөгүлөрдү айта турган болсок, ар бир мамлекет башчысы жаңы шайланып келгенде алгачкы жылдары маалымат каражаттары менен жакшы, тыгыз иш алып барып, аларга карата басым көрсөтүү жактары жок болот. Бул көрсөткүчтүн кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн орду бар. Менин жеке пикиримде, сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча алдыга озуп кеттик деп сүйүнүп кетпеш керек. Мунун артында бир нерсе болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан күтө турганыбыз оң. Азырынча эрте тыянак чыгара бербей карманып турган оң деп ойлойм”, - дейт Тулегенов.
Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов, журналисттер Кайыргүл Урумканова, Шайырбек Абдырахманов, Султан Каназаров, Кыргыз өлкөсүндөгү “Интерньюстун” өкүлчүлүгүнүн башчысы Элина Каракулованын пикирин бул топтомдон окуңуз.