Бир апта мурун эл аралык “Чек арасыз репортёрлор” укук коргоочу уюму Сөз эркиндигинин индексин (2019 World Press Freedom Index) жарыялады. Аталган уюм бул көрсөткүчтү 2002-жылдан бери жыл сайын түзүп келет. Соңку рейтингде Кыргыз өлкөсүнүн Сөз эркиндигинин абалы 15 позицияга жакшырган. Тагыраагы 180 мамлекет бар тизмеден 83-катарды ээлеген. Ага чейин 98-орунда болчу. Отчётту түзгөндөрдүн айтымында, Кыргыз өлкөсүндө абал жакшырууда, бирок мындан да жакшыртса болот.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсү Сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча 15 тепкичке алдыга жылганын кандай баалайсыз?" деген собол салды. Журналист Султан Каназаровдун пикиринде, сөз эркиндиги демократиялуу, адилеттүү мамлекет курам деген коомдо эң биринчи орунда турат.
"Кыргыз өлкөсү Сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча алдыга жылганын кол чабуу, кубаттоо менен баалайм. Сөз эркиндиги - сөзсүз эле бирөөнү жамандоо, бир нерсени айтуу үчүн маанилүү эмес. Ал адилеттүүлүктү орнотууда, ачык-айкын башкаруу системин камсыз кылууда эң маанилүү. Бизге билинбегени менен анын мааниси өтө чоң. Биздин коомчулук сөз эркиндиги дегенде журналисттердин укугу катары эле кабыл алат. Бул андай эмес. Журналисттер сөз эркиндигин камсыздоонун куралы гана. Сөз эркиндиги окурмандар, угармандар үчүн маанилүү. Көрсөткүч боюнча мындан да алдыга чыгышыбыз керек. Сөз эркиндиги эң жогорку болгон мамлекеттер тизмесин карасак, бардыгы бай мамлекеттер. Бул нерсе экономикага да таасирин берет”, - дейт Каназаров.
Медиа эксперт Марс Тулегенов, журналисттер Кайыргүл Урумканова, Шайырбек Абдырахманов, Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов, Кыргыз өлкөсүндөгү “Интерньюстун” өкүлчүлүгүнүн башчысы Элина Каракулованын пикирин бул топтомдон окуңуз.