"Журналисттерге карата миллиондук доо арыздарды берүү кайталанышы мүмкүн" дейт "Интерньюстун" Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгүнүн башчысы

Бир апта мурун эл аралык “Чек арасыз репортёрлор” укук коргоочу уюму Сөз эркиндигинин индексин (2019 World Press Freedom Index) жарыялады. Аталган уюм бул көрсөткүчтү 2002-жылдан бери жыл сайын түзүп келет. Соңку рейтингде Кыргыз өлкөсүнүн Сөз эркиндигинин абалы 15 позицияга жакшырган. Тагыраагы 180 мамлекет бар тизмеден 83-катарды ээлеген. Ага чейин 98-орунда болчу. Отчётту түзгөндөрдүн айтымында, Кыргыз өлкөсүндө абал жакшырууда, бирок мындан да жакшыртса болот.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсү Сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча 15 тепкичке алдыга жылганын кандай баалайсыз?" деген собол салды.

Кыргыз өлкөсүндөгү “Интерньюстун” өкүлчүлүгүнүн башчысы Элина Каракулованын айтымында, өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы туруктуу эмес.

“Кыргыз өлкөсү сөз эркиндиги боюнча 15 тепкичке көтөрүлдү деп “Чек арасыз репортёрлор” уюму тапты. Биз бул баа менен макулбуз. Бийликти тынч өткөрүү, экс-президент тарабынан ММКларга карата доо арыздарды артка кайтаруу, азыркы президенттин доо арыздарды токтотуусу, өлкө ушул окуялардын аркасы менен көрсөткүчүн жакшыртып алды. Рейтингге таасир эткен башкы себептер ушулар болду. Бирок отчёттун авторлору сөз эркиндигинин абалы абдан туруксуз экенин айтып, ММКларга карата миллиондук доо арыздарды берүү кайталанышы мүмкүн деп белгилешти. Чындап эле абал ушундай”, - деди Каракулова.

Медиа эксперт Марс Тулегенов, журналисттер Кайыргүл Урумканова, Шайырбек Абдырахманов, Султан Каназаров, Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукуловдун пикирин бул топтомдон окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан