“Ялла”, Согдиана, экс-мэрлер, жоголгон балдар... Бишкектин “туулган күнүнөн” фоторепортаж

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 141 жылдыгы борбордук аянтта белгиленди. Көп даярдыкты талап кылган бул концертке миңден ашуун шаар тургуну күбө болду. Концерт жылдагыдан өзгөчөлөнүп экс-мэрлердин куттуктоосу менен башталды. Москвадан атайын шаарымды куттуктаганы үчүн келдим деген экс-мэр Нариман Түлеев шаардыктарды майрамы менен куттуктады.

Кечени легендарлуу "Ялла" тобу ачып берсе, көптөн-көп күттүргөн Согдиана жыйынтыктоочу болду. Ортодо кыргыз шоу-бизнесинин жылдыздары коштоп, элдин сүймөнчүлүгүнө айланган ырларын аткарышты. Көрүүчүлөр Мирбек Атабеков менен Кайрат Примбердиев сахнага чыкканда жанданып кетишти.

Концертте чыгыш ыргактарын сүйгөндөр бийлеп, ырдап чер жазышты. Согдиананын аткаруусундагы ар бир ырын эл өзгөчө кабыл алды. Ырчы айым дагы Кыргыз өлкөсүн жакшы көрөрүн, дагы да болсо чыгармачылыгын тартуулап келүүгө макул экенин айтып, күйөрмандары менен жылуу баарлашты.

Майрамдык иш-чара асманды кооздукка бөлөгөн фейерверктин атылышы менен аяктады.

Борбор калаанын 141 жылдыгына келген коноктор концерт бүткөн соң акысыз ташыган автобус, троллейбустарга түшүп, үйлөрүнө сапар алышты. Милициянын маалыматы боюнча, концерт учурунда жоголгон 14 баланын бардыгы ата-энелерине жана туугандарына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
elchi84
2019-04-30 08:49:23
Город 312 тобу келбедиби ?
+1
mr.ulan89
2019-04-30 09:46:43
Ушунча акча короткондон көрө бишкектин жолдорун оңдоп жаңы конуштарга маршрутка киргизип беришсе жакшы болмок.
+5
Koichuman
2019-04-30 10:23:37
Мунун баарын ысырап корчулук деп койот,Яла,Согдианага паланча сом бергиче жардамга муктаж адамдарга жардам берсенер сооп иш болмок!
+6
vikidiki
2019-04-30 11:39:18
Ооба туура! Согдиананын, Ялланын куйоомандары коргусу келсе, платный концерт коюшса келишет. Ошончо акчаны шаардын озуно белек деп бир нерсе жасашса болмок, тарыхта, Бишкектин картасында кала турган.
+4
Modric10
2019-04-30 12:42:10
Баягы эле шыкаалаган кыргыз элим
+2
nabievich
2019-04-30 13:56:24
Бишкек Туулган кунун менен я люблю тебя
0
Avrora2017
2019-04-30 14:45:49
Пир во время чумы
+1
ruslanz
2019-04-30 17:29:45
Когулсуз болду, элдин конулун которгудой ырчыларды,ырларды коюшпайбы.Твдан кордум ,элдин кобу солдойюп эле турушту.Режиссеру ким болду экен, ким болсо дагы ишин билбейт экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан