Депутат Айтмамат Назаров сугат суу тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат болушу керектигин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 29-апрелде Ош облусунда Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин көчмө жыйынында билдирди.
Айтмамат Назаров өлкөдөгү сугат суу маселеси өтө курч экенин белгиледи. "Аларды чечүү үчүн тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен бирдиктүү саясатты калыптандыруу зарыл" деди ал.
Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев каналдардын абалы менен тааныштырып жатып, оңдоп-түзөө маселесинде каржылык колдоо зарылчылыгына токтолду. Ошондой эле өлкөдөгү суу каналдарын бир мекеменин карамагына киргизүү керектиги айтылды.