Бишкекте 9 жаштагы баланы "акча уурдадың" деп унаасына сүйрөткөн таякеси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 27-апрель күнү Алтын-Казык жаңы конушунда эртең мененки саат 8:00 чамасында орун алган. Анда таенесинин акчасын уурдады деп 9 жаштагы баланы таякеси унаасына жип менен байлап, бир нече метрге чейин сүйрөп барган. Балага мындай аёосуз мамиле кылганын көргөн кошуналары милиция кызматкерлерин чакырышкан.
"Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Б.С. аттуу жаран камакка алынды. 2010-жылы туулган К.Ж. аттуу бала ар түрдүү жаракаттарды алып, борбордогу №3 балдар ооруканасына жаткырылган. Кылмышка шектелип кармалган жаран мындай жоругун аны тарбиялоо максатында жасаганы менен түшүндүргөн. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды, бул окуя боюнча иликтөө улантылууда", - деп билдиришти милициядан.
Белгилүү болгондой, баланын апасы Орусияга иштегенге кеткен.