Кыргыз Эл артисти Сатыбалды Далбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бүгүн, 30-апрелде Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз эл артисти Сатыбалды Далбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Эл артистти акыркы сапарга узатуу зыйнатына театр өкүлдөрү, кесиптештери, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, коомдук жана саясий ишмер Султан Раев жана башка өкмөт өкүлдөрү келишти.

Сатыбалды Далбаев кечээ, 29-апрелде каза болгон. Маркумдун сөөгү бүгүн, 30-апрелде "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Ал 1957-жылдан баштап Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеп, 100дөн ашуун спектаклдерде ойногон. Театр искусствосуна сиңирген эмгеги жогору бааланып, 1970-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1974-жылы Кыргыз Эл артисти, 1986-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына арзыган, үчүнчү даражадагы “Манас” ордени жана “Даңк” медалы берилген.

Сатыбалды Далбаевдин жубайы - Кыргыз Эл артисти, актриса Мираида Далбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nuri1
2019-04-30 13:46:45
Тенирим жаткан жерин жай кылсын. Ушундай кыргыз элине кызмат кылгандарга туболук таазим. Мындай адамдарды туболук даназалаш керек.
-3
aza84
2019-04-30 15:33:49
Фамилясы укмуш ко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан