КСДПнын юристи: "Партиянын төрагасын, маалыматтарын өзгөрткөнү үчүн юстиция министрине нааразычылык катын жөнөттүк"

Буга чейин маалымдалгандай, Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" документине өзгөрүүлөр кирген. Мисалы, "Жетекчинин аты-жөнү" деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевич деп жазылган. "Партиянын негиздөөчүсү" деген жерде Алмазбек Атамбаевдин ордуна "Физикалык жакка алмаштыргыла 1" деп турат. Ошондой эле партиянын дареги өзгөртүлгөн.

Буга нааразы болгон КСДПнын мүчөлөрү, саясий кеңешинин мүчөлөрү аталган министрликтин алдында 22-апрелде акция өткөрүшкөн. "Адилетсиз министрлик" деп аталган акциянын жүрүшүндө партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү мекеменин ичине кирип, министр менен жолугушкан. Андан кийин алар партиянын маалыматын кайра өзгөртүү үчүн бардык керектүү документтерди тапшыра тургандыгын жана ал 7 күндүн ичинде караларын айтышкан.

Бүгүн, 30-апрелде SUPER.KG порталы партиянын тегерегиндеги абалды билүү үчүн анын юристи Нурбек Касымбековго байланышты. Айтымында, азырынча абал өзгөрө элек.

"Биз керектүү документтерден тышкары, 25-апрелде адилет министрине нааразычылык катын жөнөткөнбүз. Ал катта биздин бир канча эскертүүбүз эске алынбастан партиянын маалыматтары өзгөртүлгөндүгү, муну менен министрлик кайсы мыйзамдарды бузгандыгы көрсөтүлдү. Булардын баары 14 күндүн ичинде каралары айтылган. Андан кийин абал кандай болот көрөбүз. 14 күндүн өтүшүн күтүп жатабыз", - деди Касымбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан