Бишкек ШИИББи: "Ала-Тоо" аянтында митинг уюштурган Эркин Бөлөкбаев Биринчи Май РИИБине жеткирилди"

"Ала-Тоо" аянтында митинг уюштурган "Жашылдар партиясынын" төрагасы Эркин Бөлөкбаев Биринчи Май РИИБине жеткирилди", - деп бүгүн, 30-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бөлөкбаев Биринчи Май райондук соту райондук башкармалыктын митингди башка жерге өткөрүү өтүнүчүн канааттандырганына карабастан "Ала-Тоо" аянтында өткөргөн. Милиция кызматкерлери митинг учурунда Бөлөкбаевге эки-үч жолу соттун чечими бар деп эскерткен. Ал укпай койгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эркин Бөлөкбаев тыюу салынганына карабастан "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрө турганын айткан. Митинг "Ала-Тоо" аянтында башталып, Максим Горький атындагы сейил багында аяктаган. Партиянын өкүлү Динара Кутманова Бөлөкбаевди митинг аяктаган соң Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери кармап кеткенин кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан