Акыркы 2 жуманын ичинде өлкөдө уран маселеси эң орчундуу болууда. Жүздөгөн жарандар уран казууга каршы митингдерге чыгып, кенде ишти токтотууну талап кылып жатышат. Ошол эле учурда бул тема боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун үн катпай жатканы, өкмөттүн айткан сөздөрүндө дал келбестиктер болуп жатканы, Кызыл-Омполдо уран тымызын казылып келген деп айтылганы коомдо нааразычылыктарды күчөтүүдө.
SUPER.KG порталынын "Кыргыз жеринде уран казуу артында чоң саясат турушу мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев төмөнкүдөй жооп берди.

Анын айтымында, учурда уран чуусун колдонуп саясатчылар митингге чыгууда.
"Бул маселе бүткөн, депутаттар мыйзам долбоорун чыгарышты, өкмөт да колдоп жатат. Бирок маселе бүткөнү менен бүгүнкү күнгө чейин митингдер токтобой жатат. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган, маселе жабылган, анан митингдер кандай максатта чыгып жатканы кызык болууда. Учурда уранды чалгындоого 100 жылга мораторий киргизүү сунушталып жатат, кенди иштетүүгө биротоло тыюу салуу да демилгеленүүдө. Уранга каршы сунуштар колдоого алынат, мен бул жерде көйгөй көрбөй жатам”, - дейт Бекешев.
Жогорку Кеңештин депутаттары
Алтынбек Сулайманов,
Марлен Маматалиев, экс-депутат
Равшан Жээнбеков, саясат таануучу
Сейтек Качкынбаев, активист
Бекназар Айталиевдин пикири
төмөнкү шилтемеде.