“Уран чуусунун артында чоң саясат барбы же жокпу - мени анча кызыктырбайт” дейт депутат Алтынбек Сулайманов

Акыркы 2 жуманын ичинде өлкөдө уран маселеси эң орчундуу болууда. Жүздөгөн жарандар уран казууга каршы митингдерге чыгып, кенде ишти токтотууну талап кылып жатышат. Ошол эле учурда бул тема боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун үн катпай жатканы, өкмөттүн айткан сөздөрүндө дал келбестиктер болуп жатканы, Кызыл-Омполдо уран тымызын казылып келген деп айтылганы коомдо нааразычылыктарды күчөтүүдө.

SUPER.KG порталынын "Кыргыз жеринде уран казуу артында чоң саясат турушу мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов кыскача жооп берди.

Ал Кыргыз жергесинде уран изилдөөнү жана казууну токтотуу керектигин айтты. “Уран казуу артында чоң саясат турушу мүмкүнбү?" деген мени азыраак кызыктырат. Биз уран изилдөөнү жана казууну токтобуз”, - деди Сулайманов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, активист Бекназар Айталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан