Депутат Марлен Маматалиев: “Уран темасын ар бир саясий күч өз кызыкчылыгына колдонууга өттү”

Акыркы 2 жуманын ичинде өлкөдө уран маселеси эң орчундуу болууда. Жүздөгөн жарандар уран казууга каршы митингдерге чыгып, кенде ишти токтотууну талап кылып жатышат. Ошол эле учурда бул тема боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун үн катпай жатканы, өкмөттүн айткан сөздөрүндө дал келбестиктер болуп жатканы, Кызыл-Омполдо уран тымызын казылып келген деп айтылганы коомдо нааразычылыктарды күчөтүүдө.

SUPER.KG порталынын "Кыргыз жеринде уран казуу артында чоң саясат турушу мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев төмөнкүдөй жооп берди.

Анын айтымында, өлкө аймагында уранды чалгындоого тыюу салуу зарыл. “Чоң саясатта ички саясат бар, анын алкагында бир тарап экинчи тарапты күнөөлөгөндү курал катары колдонуп калды. Уран өтө зыяндуу экени баарыбызга белгилүү. Элде патриоттук сезимдер ойгонуп жатканы эң туура, бирок ошол эле учурда курал катары колдонуп жатышканы өкүнүчтүү. Ар бир күч бул теманы өз кызыкчылыгына колдонууга өттү. Ал эми айрымдары өзүн пиарлоо үчүн да колдонууда. Бул көрүнүш туура эмес деген ойдомун.
Менин жеке пикиримде, уранды казууга 70 жылдык мораторий эмес, өлкө аймагында чалгындоого тыюу салуу керек. Кандай гана заманбап технологиялар менен казылбасын, баары ойдогудай жакшы болбойт. Себеби урандын зыяны адамдарга да, жерге да тиет. Келечек муун үчүн уран темасын Кыргыз өлкөсү үчүн жабык кылып коюу керек. Мындан сырткары чылгындоого убагында экологиялык экспертизасыз уруксат берилген болсо, тиешелүү адистер жоопкерчиликке тартылууга тийиш”, - дейт Маматалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дастан Бекешев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, активист Бекназар Айталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан