Мамэкотехинспекция: "Соттун чечими менен Бишкектеги "Элит Хаус" компаниясынын 9 кабаттуу эки имараты сүрдүрүлөт"

Бишкектин райондор аралык соту "Элит Хаус" курулуш компаниясына караштуу Аалы Токомбаев көчөсүндө салынып жаткан 9 кабаттуу эки имаратты сүрдүрүүгө чечим чыгарды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сот чечимди ушул жылдын 12-мартында чыгарган. Ага ылайык, курулуп жаткан үйлөр мыйзамдын негизинде эреже менен салынып жатканы Мамэкотехинспекция тарабынан текшерүүгө алынган. Мындан улам "Элит Хаус" компаниясына 2018-жылдын февраль айында үй салууга уруксат берген документти көрсөтүүнү эскерткен кагаз жиберилген.

"Протокол түзүлгөндөн кийин белгилүү мөөнөттүн ичинде аталган компания тиешелүү уруксат кагаздардын үлгүлөрүн берген эмес. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын токтомуна ылайык, компаниянын директору Тимур Файзиев 100 миң сом өлчөмүндөгү административдик жоопкерчиликке тартылган. Буга карабай аталган объектилерде уруксат кагаздары жок эле курулуш иштери улантылып келген", - деп билдирет инспекциянын басма сөз кызматы.

Бул боюнча "Элит Хаус" курулуш компаниясына байланышканыбызда буларды билдирди.

"Кечээ, 30-апрелде Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан жарыяланган маалымат так эмес. "София" 9 кабаттуу үй имаратын курууга компаниянын архитектуралык пландоо жана инженердик техникалык шарттары, ошондой эле макулдашылган долбоору боюнча документтери бар. Кыргыз Республикасынын курулуш жүргүзүү боюнча мыйзамдарынын нормалары толук каралбай калганына байланыштуу компания Мамэкотехинспекция менен сот аркылуу иш-чараларды жүргүзүп жатат. Акыркы так эмес маалыматтарды учурда жүрүп жаткан сот иштеринин жыйынтыгы чыгып, мыйзамдуу түрдө күчүнө кирмейинче компания четке кагат", - деп билдирет компания өкүлчүлүгү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ruslanz
2019-05-01 12:26:54
Чиновниктерге пара бербей коюшкан го. Ансыз деле элге уй жетпей жатса, ушунча эмгек,каражат жумшалгандан кийин турттургону кандай?
+7
abdraev
2019-05-01 12:40:38
Сурдурбой туруп мамлекет документтештирип алса болбойбу
+4
ruslanz
2019-05-01 12:56:20
Докум-ри туура эмес болсо,жок дегенде биринчи этажда эле туртпойт беленер.Карап жатып алып тогуз этаж болгондо,кантип ниетинер барды?
+12
ruslanz
2019-05-01 13:02:25
Окмот сырткы,ички ишкерлерге жолто болгондон башканы билбейт.Тескерисинче рахмат силерге деп докум-рин алып барып беришпейби,эн башкысы сапатту салсанар болду деп.
+5
elchi84
2019-05-01 13:28:18
Желке бербей койгон да болбосо канча уйлор талапка жооп бербей эле курулуп жатат желке берип
+2
taalay25
2019-05-01 13:36:05
Шапкасын бербей койгон окшойт да
+2
Agayu
2019-05-01 14:04:17
Бир анегдот эсиме тушуп кетти : Озбек Казак Кыргызды бир казанга салып , андан сон Озбек менен Казактын капкагын ( крышкасын ) жаап коет имиш , а эмнеге Кыргыздын казанын жапайсыз десе кереги жок , алар бирин бирин тартып чыгарбайт деген анегдот Чыныгы анегдот сыяктуу болуп калды Кыргыз элимде .Мейли кантседа ыйман берсин баарыбызга жаман создон пайда жок !!!!
+2
FC-Abdish-ata
2019-05-01 17:24:05
Окуп атып Эле билдим хозяин Кыргыз эмесго деп. Айткандай чыкты, Кыкен болгондо давно бир чиновниктин колтугунда жатмак,даже без документ салып сатып бутурмок!
+2
BekAmir
2019-05-01 17:48:09
Шапкасын аз бергенда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан