ЖЫЛНААМА, 1-МАЙ: Бүгүн Эмгекчилердин эл аралык майрамы

Бүгүн Эмгекчилердин эл аралык майрамы. 1-Май майрамы Кыргызда биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, майрамдык маанай жаратуу жана 1-майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн.
Майрамга чогулган большевиктер, кызыл аскерлер жана шаар калкы революциялык ыр менен Пишпек шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу Эмен паркына келип, андагы Боордоштордун көрүстөнүнө гүл коюшкан.
Совет мезгилинде 1-Май - Эмгекчилердин майрамы деп эсептелинип, анын тарыхы 1886-жылдын 1-майындагы америкалык жумушчулардын эмгек талабына байланыштырылып келсе, Кыргыз өлкөсү эгемендик алгандан бери 1-Май майрамына жазгы түс берилип, идеологиялык басымдан арылуу аракети жасалганы байкалат. Бул күн дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленет.
1-майдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан