Кадамжайдагы Кара-Жыгач айылында жумуртка уруштуруу оюну өткөрүлдү

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кара-Жыгач айылында 1-майда жумуртка майрамы өтүп жатат. Ага айылдын бардык жашоочулары кары-жашы дебей катышууда. Бул майрам СССРдин убагынан бери өткөрүлүп келгенин айыл тургундары айтып келишет.

"1-майда жумуртка уруштуруу оюнун өткөрүү салтка айланып калган. Биздин чоң аталарыбыз дагы ойночу экен. Бул нерсе биздин айылда гана өткөрүлгөндүктөн башка айылдардан да келип ойноп кетишет. Быйыл күрөш, волейбол, футбол өңдүү спорт оюндары боюнча мелдештер өтүүдө. Азыр эжелерибиз ырдап жатышат", - деди Кара-Жыгач айылынын тургуну Бермет Насирова.

Оюндун эрежеси боюнча эки адам сууга бышырылган жумурткаларды чабышып, кимдики сынып калса, ал уткан адамга жумурткасын берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gulmira12345
2019-05-01 12:27:20
Пасхадай экен орустар боеп алып уруштурушатго
0
abdraev
2019-05-01 12:53:49
Христиандардын пасхасы баткенден башталыптыр да кийин орозодо жумуртка,эт жебейбиз калганын урабыз деп чыгышпаса болду
-5
elchi84
2019-05-01 13:25:23
abdraev,Жумуртка эт жебейбиз деген жок окусан жакшылап башынан.
+2
baktybek90
2019-05-02 01:56:38
Биздин айыл жердин сулуусу
0
Defans2017
2019-05-02 21:31:25
Мындай майрам Ноокаттын Кулатов айылынын 1-болумундо болуп турат,Сссрдин убагынан бери 1-майда жумуртка уруштуруш болуп келген,жана боло берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан