Раим ата колдосун! Ахматбек Келдибековдун сөзүнөн жаңылган видеосу тарады

Кечээ, 1-майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовдун атасы Исмаил Матраимовдун элесине арналган спорттук турнир өттү. Иш-чарага бийликтин бир катар өкүлдөрү катышканы сын пикирлерди жараткан. Тойго келгендердин арасында Ахматбек Келдибеков да бар. Ал трибунада сөз алып сүйлөп жатып, "Исмаил ата" атындагы фондду "Раим ата" фонду деп адашып атап алганы талкууга алынды. Андан ары Ахматбек Келдибеков "Келечекте "Райым ата" фонду да болот. Исмаил атанын балдарына чоң ыраазычылык билдиребиз" деп сөзүн оңдоп кеткен.

Райымбек Матраимовдун бир туугандары ар кандай мамлекеттик кызматтарды аркалайт. Алардын бири Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин депутаты, Исламбек Матраимов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматындагы (Финпол) башкармалыктардын биринде башчы, Тилек Матраимов Кара-Суу районунун акими.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов "Раим миллион", "Раим миллиард", "президенттердин капчыгы" деген каймана аты менен белгилүү.

Айтылуу Матраимовдордун тоюна депутаттар менен чиновниктер барган сүрөттөр:


Сүрөттө кепка кийип турган адам - Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы жана Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев.





Ахматбек Келдибеков "Райым ата" фонду деп адашып алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
vikidiki
2019-05-02 16:21:17
Жанар Акаев журот го?
+3
ninja82
2019-05-02 16:26:59
Соке бийликте турганда Раим миллион былк этбейт ордунан. себеби Сокенин шайлоодогу чыгашасын баарын ушул миллион каржылаган.
+11
Benazir08
2019-05-02 17:29:57
Ахматбек зато сөзүн оңдоп кетти өтө кыйын киши. Мындай ооздон чыга берет кантсе да алга жакшы жөрөлгөлөр боло берсин бирок Эл аралап иш кылгыла сада болоюндар
-2
kamchatka
2019-05-02 17:46:33
Бул Раим дегенди азырынча эч нерсе кылалбайт окшойт министири баш депутатары жамбаш болуп журушотго тойдо
+10
Emilzima
2019-05-02 19:21:52
Отоо отооо жаман корунуш. Жанар Акаев таза деп журсок..... . а калганы белгилуу. Баарын ошол жерде журсонор Раимди ким, кантип текшермек эле?Ушуларды Мамлекеттик иш чарага чакырсан барбайт, а кичине бир волейболго келгенинер отооооо жаман нерсе.
+3
ruslanz
2019-05-02 19:38:43
Кошоматчылык даана эле.Мындайлар акчалуу кишини коргондо апа деп деле айтып салышат.Созунун маанисин байкасанар оздорун элита кылып,элди экинчи сорт кылып жатпайбы.
0
Skarlett-Skarlett
2019-05-02 21:45:30
ХХХХ калбайсынарбы кыргыз элим!Жамандап,куйтучулук кылган каныбызда бар негизи.Тойго барышат да,балким каттоолору бардыр.
-1
Baicho_0707
2019-05-02 21:48:17
Ruslanz+ордуна -ту басып алдым кечир! Кирчу жерине киришиптир го! Ой тобоо мындай адамдарды коп беттуулор дейт. Ишенген кожом сен болсон кепшегенин урайын болуптур да!
0
katerina.li
2019-05-02 21:53:47
Илгери Кудай колдосун дешчу эле кай жерде болсо дагы,эм и заманга жараша Раим колдосун дейт экен да эээ
+2
Wold
2019-05-02 23:51:28
Раимдын аты популяр боло берип, аны ата дегенге чейин жетишиптир). Бирок "Колдосун" - дебептирго, "Фондунун" эле дептир, же мен туурамес уктум же супердин сабатсыз кабарчылары туура эмес угушкан.
+4
admin_portal
2019-05-03 09:34:30
Wold, "Ал трибунада сөз алып сүйлөп жатып, "Исмаил ата" атындагы фондду "Раим ата" фонду деп адашып атап алганы талкууга алынды" деп турат.
0
Ali-han
2019-05-03 01:05:56
Ишенген кожом сен болсоң болуптур го бул жагы!!! Жанар Акаев сенден күткөн эмес элек. Аман бол!!!
+1
tursunbaev78
2019-05-03 01:26:23
Ali-han,Жанардан күтпөгүдөй ким ал,болгону журналист азыр депутат,айбы же күнбү ал.
+2
Ali-han
2019-05-03 12:37:26
tursunbaev78,Ай же күн дегеним жок тууган! Жөн гана позициясы бир тараптуу, элдин сөзүн сүйлөгөн депутаттын барганы туура болбой калыптыр!!! Ден соолукта болуңуз!
-1
tursunbaev78
2019-05-03 13:54:08
Ali-han,эч кандай позициясы жок анын,элдин атынан сүйлөмүш болуп койот
0
tursunbaev78
2019-05-03 01:32:14
Акаев,Бакиев,Атамбаевдин мына эми Жээнбековдун да заманын көрүп атабыз,кыйраткан жок кыйратпайт дагы,эч кандай өзгөрүш,өнүүгү болбойт,айтайын дегеним кийинки шайлоодо акчага сатылбай,депутатын да,президентти да татыктуусун шайлаш керек туугандар
+4
Mister-X
2019-05-03 02:08:57
Атанкөрү,элдин байлыгына атасына арнап мелдеш уюштуруп жатса,унчукпай кайра мактап жаткан начар калк экенбиз.
Келдибековдун,жакшы адамдын душманы коп-дегени кулку келтирет.Жакшы адамдын досу коп болот.Тескерисинче жалан жегичтер досу болуп жатасынар,копчулук элге душман болдунар.
+3
didu
2019-05-03 07:13:50
шайлоого барып калсам пайдасы тийип калаар деген умутто барышканда
+1
mirkaa5182
2019-05-03 07:58:19
Дөө шаалардын бардыгы эле чогулуп алышыптыр го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан