Дарбазачы Икер Касильяс машыгуу учурунда инфаркт оорусуна кабылды

Испания курама командасынын жана "Реалд Мадрид" клубунун мурдагы оюнчусу, учурда "Порту" командасынын дарбазачысы Икер Касильяс инфаркт оорусуна кабылды. Бул тууралуу "Порту" клубунун расмий баракчасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-майда машыгуу учурунда Касильяс өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген.

"Дарбазачы учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын өмүрүнө коркунуч жарата турган эч нерсе жок", - деп айтылат маалыматта.

Айрым маалымат булактары Касильяс бул сезондун аягына чейин талаага чыкпай турганын жазышса, айрымдары легендарлуу дарбазачы таптакыр футбол менен кош айтышарын айтууда.

Ошол эле күнү кечинде Икер Касильяс өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына ооруканадагы сүрөтүн жүктөп, баары жакшы экенин белгилеген.

"Менде баары жакшы, алгач коркуп кеткеним менен азыр бир аз өзүмө келип калдым. Колдоо үчүн баарыңарга ыраазычылык" деп жазган дарбазачы.


Касильястын ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат пайда болгондон кийин "Реал Мадрид", "Барселона", "Ливерпуль" сыяктуу клубдар, Криштиану Роналду, Альваро Арбелоа өңдүү футболчулар социалдык тармактагы баракчалары аркылуу дарбазачыга колдоосун билдиришкен.

Икер Касильяс "Порту" клубунун катарына 2015-жылы өтүп, буга чейин Португалиянын чемпиондугун жана суперкубогун жеңип алган. Ага чейин ал "Реал Мадрид" клубунун курамында ойноп, 5 жолу Испания чемпиондугунда, 3 жолу Чемпиондор Лигасында жеңишке жетишкен. 2000-жылдан 2016-жылга чейин испан курама командасынын катарында 2 жолу Европа чемпиондугун, 1 жолу Дүйнө чемпиондугунун алтын медалын тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Syimyk.isaev
2019-05-02 13:10:13
Сакайып кетсин тируу легенда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан